Аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер бул жумада өлкө аймагында күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөй турганын айтат.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат берди.

Ага  ылайык, бул жумада өлкө аймагында күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Синоптиктер борбор калаада жамгыр жаабай турганын айтууда. 20-21-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетерин эскертти.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болуп, абанын температурасы өзгөрбөйт.

Ысык-Көл жана Нарын облусунда 21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, кээ бир райондордо нөшөр болушу мүмкүн. 22-23-июлдарда кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 21-22-июлда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 25-июлда күндүн көзү бузулбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0