Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОтдых в Казани
Отдых в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык синоптиктер жайдын акыркы айы кандай болорун айтышты. Августтун биринчи жарымы экинчи жарымынан ысыгыраак болот.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы август айына карата аба ырайынын божомолун таратты.

Республика боюнча бир айдын орточо температурасы августта нормадан ашпайт. 

Жаан-чачындын көлөмү да орточо көрсөткүчтөн ашпайт. 

© Фото / КыргызгидрометЖаан-чачындын август айындагы орточо көлөмү
Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу - Sputnik Кыргызстан
Жаан-чачындын август айындагы орточо көлөмү

Чүй облусу

Бир айдын орточо температурасы +22…+24 градусту түзүп, Кемин өрөөнүндө жана тоолуу райондордо +15…+17 градуска жетет.

Айдын биринчи жарымында абанын температурасынын өзгөрүшү күтүлүп, түнкүсүн +11…+16дан +17…+22ге чейин, күндүз +23…+28ден +32…+37ге чейин болот.

Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн +13…+18 болуп, күндүз +21…+26дан +29…+34кө чейин болору күтүлөт.

Кемин өрөөнүндо жана тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +9…+14кө чейин өзгөрүп, күндүз +19…+24төн +26…+31ге чейин болору болжолдонууда.

COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты

Талас облусу

Август ичиндеги Таласта орточо температура +18...+20 градусту түзөт.

Айдын биринчи жарымында түнкүсүн +8…+13төн +14…+19га чейин, күндүз +23…+28ден +30…+35ке чейин көтөрүлөт.

Августун экинчи жарымында түнкүсүн +9…+14 болуп, күндүз +20…+25тен +27…+32ге чейин болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу

Ай ичиндеги орточо температура +23...+25 градусту, ал эми тоо этектериндеги аймактарда +18…+20ны түзөт.

Айдын биринчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн +17…+22ни түзүп, күндүз +26…+31ден +32…+37ге чейин өзгөрүшү күтүлөт.

Августун экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн +15…+20 болуп, күндүз +23…+28ден +30…+35ке чейин көтөрүлөт.

Бейтап жаткан бөлмөнү желдетип туруу керек. Пульмонологдун кеңеши

Ысык-Көл облусу

Айдын орточо температурасы +16…+18ди түзөт. Көлдө дагы абанын температурасы нормадан өзгөрүшү күтүлүп, түнкүсүн +7…+12ден +13…+18ге чейин, күндүз +16…+21ден +23…+28ге чейин жетет.

Нарын облусу

Нарында ай ичиндеги орточо температура +16…+18ге чейин кармалат. Айдын биринчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн +8…+13тү түзүп, күндүз +20…+25тен +26…+31ге чейин жогорулайт.

Ал эми экинчи жарымында түнкүсүн +2…+7ден +8…+13кө чейин, күндүз +17…+22ден +24…+29га чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0