Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Эртең, шаршемби күнү, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын көпчүлүк райондорунда жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +30…+32, Таласта +26…+31, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарын жергесинде +18…+23 градус болот.

Ал эми Ош жана Чолпон-Ата шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөсө, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы баш калаада +30…+32, Ошто +32…+34 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +18…+20 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0