Ишембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Ashwini BhatiaТоодогу жамгыр. Архив
Тоодогу жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 27-июнь, ишемби күнү, республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр себелеп күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас жергесинде +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22 жана Нарын аймагында +17…+22 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +23...25, Ош шаарында +26...+28 жана Чолпон-Атада +18...+20 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0