Жаан, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСильный дождь в Грозном
Сильный дождь в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта аяктап калганда абанын температурасы төмөндөп, көп жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаай турганы божомолдонду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 26-июндан 28-июнга чейин өлкөдө жаан жаап, туруксуз аба ырайы күтүлүп, ал сел жүрүү коркунучуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 26-июнь күндүз жана 27-28-июндарда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерге мөндүр да жаай турганы божомолдонду.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.

Дээрлик бардык жерлерде абанын температурасы да кескин төмөндөй турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0