Аптаптуу ысык болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча өлкөдө жуманын башында күн ысып, аягында бир аз салкындайт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыда аптага карата аба ырайынын божомолун айтты.  Ага ылайык, жуманын башында аптап болуп, аягында бир аз салкындайт.

Бишкек шаарында 21инен 25-июнга чейин күн ачык болот. 23-июнда шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетери айтылды.

Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Өлкөнүн башка аймактарында 23-июнга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 24-25-июнь күндөрү Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Баткен облусунда да аба ырайы бузулбайт.

Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшө турганы айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

26-июнда абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт, бирок 27-июнда абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0