Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча эртең күн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ысык болот. Ал эми түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир райондорунда аба ырайы бузулат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жекшембиде, 21-июнда, күндүз республикада күн ачык болорун Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.

Ал эми 21-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүндүгү айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +31...+33, Ошто +33...+35 градус көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0