Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ишемби күнү, 20-июнда, күндүз облустардын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын жергесинде +20...+25 градус болот.

Күндүн табы борбор калаада +28...+30, Ошто +30...+32 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0