Очогун сактай албай калгандар. Кыргызстандагы ажырашуу статистикасы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан былтыр өлкөдө 49,4 миң нике каттоого алынса, кайра 11 миң үй-бүлө расмий түрдө ажырашкан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда ажырашып кеткен жубайлардын үчтөн бир бөлүгү чогуу жашаганына беш жыл боло электе кол үзүшкөн. Ал эми жалпы ажырашуулардын айынан 13,3 миң бала атасыз же энесиз үй-бүлөдө жашоого мажбур болду. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети жарыялады.

Жалпы жонунан былтыр өлкөдө 49,4 миң нике каттоого алынса, кайра 11 миң үй-бүлө расмий түрдө ажырашкан.

"Ар бир бешинчи үй-бүлө эки ача жолго түшүүдө. Мисалы, айыл жергесинде 1 000 никеге 154 ажырашуу туура келет. Ал эми шаарларда бул көрсөткүч эки эсе жогору", — деп айтылат билдирүүдө.

Ажырашкандар боюнча Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облустары алдыда турат. Ал эми бекем үй-бүлөлөр Ош менен Жалал-Абад облустарында жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0