Өкмөт ишсиз калгандарга убактылуу жумуш сунуштоону пландап жатат. Тизме

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДубалды боеп жаткан жумушчулар. Архив
Дубалды боеп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоордун алкагында 20 миңдей киши эки айдан ашпаган убакыт иштейт жана 5 миң сомдон айлык алышат. Бул үчүн бюджеттен 200 миллион сом талап кылынат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда ишсиз жана акчасыз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоону сунуштап жатат.

Токтом долбоору коомдук таркууга коюлду. Акы төлөнчү коомдук жумуштарга кирүү үчүн иш менен камсыздоо кызматына катталуу керек. Долбоордун алкагында 20 миңдей киши эки айдан ашпаган убакыт иштеп, 5 миң сомдон айлык алышат. Бул үчүн бюджеттен 200 миллион сом талап кылынат.

Кандай жумуштар сунушталат:

  • мектеп, бала бакча, китепкана, оорукана, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;
  • эл каттоо, социологиялык иликтөөлөр;
  • архитектуралык эстеликтерди, музей комплекстерин, социалдык-маданий объектилерди реконструкциялоо;
  • эс алуу, туризм, токой чарбаларды жашылдандыруу;
  • суу, газ түтүктөрү, канализация сыяктуу коммуникациялык каналдарды жана жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;
  • айыл чарбасындагы сугат иштери;
  • айрым аймактардагы ишсиз калкка кызмат көрсөтүү (агент катары) жана башка иштер.

Ошондой эле программага ишсиз катары каттоодо тургандар дагы катыша алат. Жарым жылдан бери ишсиз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга артыкчылык берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0