2020-жылы туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн тизмеси

© AFP / ANDREAS SOLARO Көл жээгинде эс алып жаткан кыз. Архив
Көл жээгинде эс алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизме саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен биргеликте түзүлдү. Ага коронавирус пандемиясынын шартында туристтердин коопсуздугу үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан өлкө жана шаарлар кирди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк туризм жана саякат кеңешинин (WTTC) адистери коронавирус пандемиясын эске алуу менен 2020-жылдагы эң коопсуз өлкөлөрдү атады. Тизме уюмдун сайтында жарыяланган.

Ал саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен биргеликте түзүлдү. Тизмеге коронавирус пандемиясынын шартында туристтердин коопсуздугу үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан өлкө жана шаарлар кирди. Кийин аны БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму дагы жактырды.

"Протокол саякатчылар дүйнө жүзү боюнча кайсы шаарлар жана өлкөлөр учурдагы стандартка ылайык келерин билиши үчүн түзүлдү", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка ылайык, бул жылы эң кооптуу деп Түркия, Болгария, Ямайка, Маврикий, Канада, Португалия, Сауд Аравия жана Мексика өлкөлөрү табылды. Ал эми коопсуз шаарлардын катарын Мадрид, Барселона, Севилья (Испания), Канкун, Пунта-Сур, Юкатан жарым аралы (Мексика) жана Онтарио провинциясы (Канада) толуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0