Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖамгыр учуранда кол чатыр көтөргөн аял. Архив
Жамгыр учуранда кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлүп жаткан өзгөрүлмөлүү аба ырайы, нөшөрлүү жамгырдан улам тоолуу жерлерде сел жүрүү коркунучу бар экени да кошумчаланды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 5-июндан 10-июнга чейин өлкөдө аба ырайы улам өзгөрүп тургандыктан, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Кыргызстандын аймактарында беш күн катары менен жамгырдын катуу жаашы божомолдонууда.

"5-6-7-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр күтүлүүдө. Ошондой эле айрым жерлерге мөндүр түшүшү да ыктымал. 8-9-июнда да жамгыр басылбай жаап, абанын температурасы төмөндөйт", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эскертти.

Күтүлүп жаткан өзгөрүлмөлүү аба ырайынан, нөшөрлүү жамгырдан улам тоолуу жерлерде сел жүрүү коркунучу бар экени да кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0