Дем алышта күн кандай болот? Кыргызгидрометтин билдирүүсү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 6-июнда күндүз жана 7-июнда түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачылат. Абанын температурасы 28 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында күн ачык болсо, кээ бир жеринде жамгыр жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Сел жүрүшүнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Ишемби күнү, 6-июнда, Талас, Баткен облустарынан башка аймактарда күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн 13...18 градус болсо, күндүз 28 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 17...22 градус, ал эми күндүз 30...35 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 10...13 градус, күндүз 25 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Жекшемби күнү, 7-июнда, түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачылары күтүлүүдө. Чүй, Таласта түнкүсүн абанын температурасы 13...15 градус, күндүзү 22...27 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 13...18, күндүзү 33 градуска чейин ысык болушу ыктымал. Нарын жана Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22 градус жылый турганы маалым болду.

Ал эми Бишкекте 6-июнда күндүз жана 7-июнда түнкүсүн жаан жаап, жекшемби күндүз күн ачылат. Абанын температурасы 28 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0