Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-июнга чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 31-май. — Sputnik. 1-июнда Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй өрөөнүнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка облустарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +17...+19 жана Нарын жергесинде +19...+24 градус болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаада +31...+33, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Мындан сырткары, 3-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп турары кабарланды. Буга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0