Баткенде бейтаптардын 70%ы коронавирусту сырттан жуктурган. Облустагы абал

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облуста коронавирус жуктургандардын көбү айыккан. Анын ичинде илдет илештирген үч медик да сакайып, азыркы тапта жумушка кайра чыгып иштеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Баткен облусунда жалпы 29 адамдан коронавирус аныкталса, анын 70 пайызы сырттан келгендер. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 29 адамдын үчөө медицина кызматкери.

"Коронавирус илештиргендердин көбү чет жактан кайткандар. Анын ичинен эң алгач умрадан бир бейтап келди. Андан кийин Тажикстандан жетөө, Казакстандан экөө, акыркы убакта Россиядан келген 10 кишиден коронавирус табылган. Бактыга жараша, булардын ичинен 25и айыкты. Вирус илештирген медиктерибиз да сакайып, кайра жумушка чыгышты", — деди Саттарова.

Ал коронавирусту аныктоо үчүн облуста 18-майдан бери көчмө лаборатория иштеп жатканын айтып, анда күнүнө 150гө жакын ПЦР-анализ алынып жатканын кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Штаб: шаар, аймактардын кире беришиндеги посттор көзөмөлдү кайра күчөтөт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0