Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жана Ош менен Жалал-Абад облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-май, ишемби күнү, республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19…+24, Талас жергесинде +16…+21 жана Ысык-Көл менен Нарында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош калаасында да мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы ордо калаада +22…+24 градуска чейин жетсе, Ошто күндүн табы +20…+22 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0