Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Талас жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. 14-май, бейшемби күнү, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Ал эми Нарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20…+25, Таласта +18…+23, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында +21…+26 жана Нарын жергесинде +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы борбор калаада +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0