Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан 14-майда күндүз башталат. 15-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында нөшөрлөп жаан жаай турганы божомолдонууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 14-майдан 17-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала билдирүүлөр боюнча, 13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан 14-майда күндүз башталат.

 Лейлек районундагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги селден кийин элге жарык, суу бериле баштады
15-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында нөшөрлөп жаан жаайт.

16-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында күн ачылса, Чүйдө өткүн өтөт. Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облустарында жаан жаайт деп божомолдонууда. Нарын облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.

Бул күнү Ысык-Көлдө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

17-майда да күн бүркөк болуп, жаан жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0