Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 8-май, жума күнү, түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Ал эми күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүйдө абанын температурасы +25…+30, Талас менен Баткенде +24…+29, Ош жана Жалал-Абад облустарында +26…+31, ал эми Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы ордо калаада +27…+29, Ошто +28…+30 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0