Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктердин маалыматында, дүйшөмбүдө түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 4-майда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +17...+22 градуска жетери айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ошто +28...+30 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0