Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОсень в Сибири
Осень в Сибири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткенде дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. 3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Паводок в Чите - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда жырылган дамбанын суусу айылдарды каптап, эл эвакуацияланды
Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Нарында +15… +20, Ысык-Көл аймагында +17…+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөп, +22 …+24 градус жылуу болсо, Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +23…+25 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0