Мамлекеттик ипотекалык насыянын пайызы төмөндөй турган болду

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКалькулятордун үстүндө турган оюнчук үй. Архив
Калькулятордун үстүндө турган оюнчук үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү - турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу чаралардын бири болуп саналат.

БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. 2020-жылдын 1-майынан баштап өкмөттүн турак-жай программасынын алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык чендери бир пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотекалык насыялар боюнча 8-10 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөйт (баштапкы төгүмдүн көлөмүнө жараша).

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека 2025-жылга чейин кандай болот? Долбоордун кыскача түшүндүрмөсү
Ошондой эле "Жеке турак жай куруу" механизми боюнча берилген насыялардын жылдык пайыздык чендери да 8-12 пайыздан 7-11 пайызга төмөндөтүлөт (11 пайыз - курулуш жүргүзүп жаткан учурда).

Ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү - турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу чаралардын бири болуп саналат. Мамлекеттик ипотекалык компания зайымчылардын насыялык жүктөмүн жеңилдетүү боюнча бир топ иш-чараларды өткөрүп келет.

Компаниядан эскертишкендей, буга чейин 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта МИК тарабынан жаңыдан берилип жаткан насыялардын жылдык пайыздык чендери 7-9 пайыздан 6-8 пайызга төмөндөтүлгөн. Ошондой эле алгачкы ипотекалык насыялар 12-14 пайыз менен берилип, кийин төмөндөтүлгөнү кошумчаланды (максималдуусу – 10 пайыз).

Жаңылыктар түрмөгү
0