Шашылыш билдирүү! Аптанын соңунда айрым жерлерде үшүк жүрөт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте бышчу сортторуна коркунуч алып келет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 17-18-19-апрель күндөрү Кыргызстандын айрым жерлеринде аба ырайынын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында температура -2 градуска түшүшү күтүлүүдө. 18-19-апрель күндөрү түнкүсүн ушундай эле суук Ысык-Көл облусунда катталат.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте бышчу сортторуна коркунуч алып келет.

Бүгүн өлкө аймагы боюнча кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0