Шаршембиге карата карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 8-апрель, шаршемби күнү, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын жергесинде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак жана тоңголок болуусу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Таласта +5…+10, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +12…+17 жана Ысык-Көл менен Нарында +14…+19 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы борбор калаада +9…+11 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +15…+17 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0