Үшүк жүрөт! Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, апта аягында өлкөнүн түштүк аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бишкек шаарында жуманын экинчи жарымынан баштап күндүн көзү бузулат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы ыктымал. Ысык-Көл менен Нарында күн ачык болот.

7-апрелде өлкө аймактарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жылуулук батареясындагы акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мартта жылуулуктун акчасы кандай эсептелет? "Бишкекжылуулуктун" жообу
8-апрелде күндүз Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан жаашы ыктымал.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы божомолдонууда.

10-апрелде түштүк аймактарда абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0