Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 6-апрель, дүйшөмбүдө, күндүз Чүй облусунун айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +13…+18 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +19...21, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0