Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиде түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрелде Талас жана Баткендин тоолуу райондорунда кар, калган аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Башка облустарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +20...+25, Таласта +19...+24, Нарын жергесинде +13...+18, Ысык-Көлдө +12…+17 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0