18:29 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6625
  • EUR100.9643
  • RUB1.1706
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2775)
224 0 0

Тамак-аш менен камсыздоодо жарандардын массалык топтолуусуна жол бербөө максатында район, шаар, айыл аймактардагы гуманитардык жардам тизме менен үймө-үй жеткирилүүдө.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Өкмөт өлкө аймактарындагы шарты начар, аз камсыз болгон жарандарга берилген жардам тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге ылайык, жети облуста жашаган калкка эң керектүү делген азык-түлүктөр жеткирилген.

Тамак-аштан тышкары өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларындагы жашоосу начар бүлөлөргө медициналык бет кап, кол кап, хлор, коргоочу кийимдер жана антисептиктер дагы таратылгандыгы кошумчаланды.

"Тамак-аш менен камсыздоодо жарандардын массалык топтолуусуна жол бербөө максатында район, шаар, айыл аймактардагы гуманитардык жардам тизме менен үймө-үй жеткирилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Бир киши көз жумса, төрт адам оор абалда жатат, анын бири жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2775)

Тема боюнча

Абылгазиев: муктаж адамдардын бардыгы азык-түлүк менен камсыз болот
Министрлик: чет өлкөдөн сейрек дары-дармек алдырчулардын тизмеси түзүлүп жатат
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн. доллар бөлөт
Белгилер:
каражат, жеке жашоо, азык-түлүк, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ