ӨКМ: үч айда былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 22 пайызга азайды

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүКүйүп жаткан үй. Архив
Күйүп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы тилсиз жоонун кесепетинен 20 адам көз жумса, быйыл 7 адам каза тапкан. Ошондой эле жабыркагандар аз болгон.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үч ай ичинде өлкө боюнча 629 өрт кырсыгы катталып, былтыркы айларга салыштырмалуу саны 22,4 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылы өрттүн кесепетинен 20 адам көз жумса, быйыл 7 адам каза тапкан. Былтыр жабыркагандардын саны да 20 болсо, ушул жылы 9 киши болгон. Ошондой эле 2020-жылы 17 адам куткарылса, узаган жылы ӨКМдин жардамын 26 киши алган.

"Өрттүн негизги себептери отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын, мештерди, морлорду туура эмес колдонуу болуп саналат. Кырсыктар балдардын от менен ойноосунан да келип чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (178), Бишкек шаарында (110), Жалал-Абад (81), Ош (85), Ысык-Көл облустарында (71) жана Ош шаарында (16) катталган.

Соңку үч айдагы 629 өрт кырсыгынын 403ү турак жайларда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0