Кыргызстандын аймагында үшүк жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖашыл чөптөгү кар. Архив
Жашыл чөптөгү кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аба ырайы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч келтирет.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 1-апрелден 4-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

1-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Таластын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлөт.

Джети-Огуз капчыгайы . Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы
1-апрелде күндүз жана 2-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондоруна жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, тоолуу жерлерде жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши болжолдонууда.

3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун айрым дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү ыктымал.

4-апрелде Ысык-Көлдүн кээ бир дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин түшүп, бул аймакта да үшүк жүрүшү мүмкүн.
Мындай аба ырайы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч жаратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0