Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. 29-март, жекшемби күнү, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Республиканын калган аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Таласта +13…+18, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +6…+11, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.

Борбор калаада түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүзү күн ачык болуп табы +15…+17 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +18...+20 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0