Жумага карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше после введения режима ЧC из-за коронавируса
Ситуация в Оше после введения режима ЧC из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 27-март, жума күнү, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12…+17, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +8…+13 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +12...+14, Ошто +15...+17 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0