Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында өзгөчө абал киргизүүнү карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Эми документти Жогорку Кеңештин депутаттары бекитип бериши зарыл.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн, 24-март күнү, саат 15.00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койду

Шарт боюнч документ эми Жогорку Кеңешке жиберилип, депутаттар аны бекитип бериши зарыл.

Өзгөчө абал деген эмне?

Ош шаарына, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна Малик Нурдинов комендант болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилет, үч комендант дайындалды. Алар кимдер?
22-марттан тарта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилген. Эми 25-марттан тарта өлкөнүн айрым шаарларына өзгөчө абал (ӨА) киргизилмей болду. Өзгөчө абал киргенде көрсөтүлгөн шаарларга комендантура киргизилип, абалды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет координациялай баштайт.

ӨА режими КР жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0