Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЦветение абрикоса в Баткенской области
Цветение абрикоса в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-март күнү, шейшембиде, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас жана Ысык-Көл жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Нарын өрөөнүндө +7...+12 градус жылуу болот.

Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +16...+18 градуска жетсе, борбор калаада жамгыр жаашы күтүлбөйт, абанын температурасы +12...+14 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0