Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
21-мартта түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 21-мартта күндүз Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, Нарындын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жамгыр төгүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Талас жергесинде +14...+19, Ысык-Көл менен Нарын аймактарында +11…+16 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбор калаада +19...+21, Ошто +18...+20 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0