Жалал-Абаддагы мекемелерге сырттан киши киргизилбей турган болду

Жазылуу
Учурда мэриянын имаратына кызматкерлерден башка бөлөк адамдар киргизилбей жатат. Эми алар менен телефон аркылуу гана байланышып иштөөгө болот.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекеме менен ишканаларга сырттан келген жарандардын киришине чектөө коюлду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык мэриядан тастыкташты.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Президент Жээнбеков элге кайрылды
Ага ылайык, учурда мэриянын имаратына кызматкерлерден башка бөлөк адамдар киргизилбей жатат. Эми алар менен телефон аркылуу гана байланышып иштөөгө болот.

Башка мекемелерге дагы ушундай тартипте иштөө сунушталганы айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта, Жалал-Абаддын Сузак районунда коронавирус жуктургандар аныкталып, ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилген болчу. Үч киши Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0