Кыргызстандагы ресторандарда той өткөрүүгө, куран окутууга тыюу салынат

Жазылуу
Өмүрбекова алдыдагы үч жума коронавирустун алдын алууда маанилүү экенине токтолуп, андан ары кырдаал турукташат деген божомол бар экенин айтты.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штаб ушундай чечим кабыл алган. Эми аны бекитүү калды. Сунушка ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет.

"Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек. Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат. Бул чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет", — деди Өмүрбекова.

Ошондой эле ал алдыдагы үч жума коронавирустун алдын алууда маанилүү экенине токтолуп, андан ары кырдаал турукташат деген божомол бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0