Ысык-Көлдө жер титиреди

© AFP / TED ALJIBEКиши сейсмограф менен иштеп жаткан учурда
Киши сейсмограф менен иштеп жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер бүгүн таңда титиреген. Силкинүүнү Ысык-Көлдүн төрт айылы сезди дешти.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Жер бүгүн саат 5.54тө силкинген. Очогу Эңилчек-Тоодо, Караколдон түштүк-чыгышты көздөй 99 чакырым аралыкта экенин айтышты.

Аталган жерге жакын жайгашкан Таш-Короо, Коргон, Эчкили-Таш жана Кең-Суу айылдарында үч балл болуп сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0