Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
16-март, дүйшөмбүдө республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 16-мартта өлкөдө күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, Таласта +17...+22, Нарын жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө +9...+14 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош, Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +20 ... +22, борбор калаада +22 ... +24 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0