Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
15-мартта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 15-мартта, күндүз республика боюнча күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +16…+21, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +18…+23, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +7…+12 градуска жылыйт.

Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0