Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жума күнү, 13-мартта, түштөн кийин өлкө аймагында күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +9…+14, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +11…+16, Ысык-Көл +6...+11, Нарын аймактарында +5…+10 градус жылыйт.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +13...+15, Ошто +14...+16 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0