Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЦветение абрикоса в Баткенской области
Цветение абрикоса в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-мартта түнкүсүн Нарындын кээ бир аймактарында жана Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү, 12-мартта, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде +8…+13, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +9…+14, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +4…+9 градуска жылыйт.

Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ошто +12...+14 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0