Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТуман. Архив
Туман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-мартта өлкө аймагында күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү, 11-мартта, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7…+12, Талас жергесинде +6…+11, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +8…+13, Ысык-Көл аймагында +3…+8 жана Нарында +4…+9 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +10...+12, Ошто +11...+13 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0