Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 9-март, дүйшөмбү күнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Талас менен Ысык-Көлдө +1…+6, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +6…+11 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде термометрдин көрсөткүчү 0…+5 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында күндүн табы +5…+7, Ошто +8…+10 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0