Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
5-мартта түнкүсүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу райондордо күрткү жаралат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 5-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көлдө +5...+10, ал эми Нарында +1…+6 градуска чейин күн жылыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +10...+12 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0