Кыргызстанда 8-март күнү аба ырайы кандай болот

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЕжегодное празднование Нооруз в центре Бишкека
Ежегодное празднование Нооруз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймактарында 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет  8-мартка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Последствия ледяного дождя в Москве - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Маалыматка караганда, 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал.

Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө 4…9 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4 градустан +1 градуска чейин, күндүз +6…+11ден тарта тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2 градустан +3 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми күндүз -3…-8 градус болушу күтүлөт.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0