Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
3-мартта түнкүсүн республика аймагында күн ачык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 3-мартта күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12…+17, Талас аймагында +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, ал эми Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +3…+8 градуска чейин күн жылыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +15…+17, Ошто +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0