Кайсы мамлекеттик органдар начар иштейт? Тизме

Жазылуу
Антирейтингдин башына Мамлекеттик бажы кызматы чыкты. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыкты иштейт деп аныкталды.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитет элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимин көрсөткөн маалыматты жарыялады.

Бул 2019-жылдын II жарым жылдыгы боюнча аныкталды.

Төмөндө кыргызстандыктар мамлекеттик органдардын ишин баалаган сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялайбыз.

Индекс +100дөн –100 баллга чейин белгиленди.

Эң начар деген баа алган беш ведомство:

  • Бажы боюнча мамлекеттик кызмат — 8,7 балл;
  • Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция — 13,6 балл;
  • Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат — 15,4 балл;
  • Мамлекеттик мүлк фонду — 18,5 балл;
  • Ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция — 18,6 балл.

Антирейтингде биринчи жарым жылдыкта Мамлекеттик бажы кызматы лидер болуп, экинчи орунга Мамлекеттик мүлк фонду татыган. Мындан сырткары, Финансы полициясынын техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы менен Экономика министрлиги кирген.

Мыкты деген беш ведомство:

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,8 балл;
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик — 42 балл;
  • Байланыш жана маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитет — 41,8 балл;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этника аралык иштер боюнча мамлекеттик агенттик — 40,4 балл;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — 37,9 балл.

Мыкты ведомство боюнча былтыр да Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи орунга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0