Шейшембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Christophe EnaКол чатыр кармап бараткан адамдардын сууда чагылышы. Архивдик сүрөт
Кол чатыр кармап бараткан адамдардын сууда чагылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-февралда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Калган аймактарда жаан себелеп, айрым учурда карга айланышы ыктымал.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 25-февралда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болуп, күрткү жаралат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Таласта + 8…+13, Ысык-Көлдө + 3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15 градус болот. Ал эми Нарында суук өкүм сүрүп, термометр 0…-5 градусту көрсөтөт. 

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр, кар жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте + 15…+17, Ошто + 14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0