Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болуп,  күрткү жаралышы мүмкүн.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 24-февралда, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Талас, Ысык-Көл аймагында +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -2...-7 градус болору айтылды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +7...+9, Ошто +8...+10 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0